Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:28

Британия Иран менен дипломаттык алакасын жандантат


Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Иран иштери боюнча департамент башчысы Аджай Шарма убактылуу ыйгарым өкүл болуп дайындалмакчы, азырынча ал Тегеранда туруктуу жашабайт.

Британия менен Ирандын дипломаттык алакалары 2011-жылы токтогон. Лондон тарабынан Тегеранга санкциялар киргизилгенине нааразылык билдирген студенттер Британ элчилигине кол салышкандан кийин элчилик жабылган. Буга жооп кылып Иран дагы Лондондогу дипломаттарын чакырып алган.

Тышкы иштер министри Уильям Хейг Ирандын өзөктүк программаларын чектөө менен ага салынган эл аралык катаал санкцияларды жеңилдетүү мүмкүндүгүн дүйшөмбүдө парламентке жазган катында билдирди. Ал жеңилдиктер Ирандын өзөктүк курал жасоону токтоторуна кепилдик берүүчү жана Иранга салынган санкцияларды алсыздандыруучу “убактылуу келишимди” ар тараптуу макулдашууга жетишкенче түзүүнү сунуштады. Хейг чоң сүйлөшүүгө келген чоң алтылык менен Ирандын ортосунда анча-мынча келишпестиктер болгону менен өзөктүк курал маселесин чечүүгө болот деп эсептейт.

Өткөн жума аягында АКШ баштаган алты Батыш өлкөсү Женевада Иран менен уран байытуунун айланасында сүйлөшүп, жыйынтыкка келишкен эмес. Кийинки сүйлөшүү 20-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG