Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Мыкты ырчы жоокерлер аныкталды


Бишкекте "Жоокер ыры" чыгармачыл сынагы жыйынтыкталды. Автордук ыр, элдик-лирикалык ыр жана аскердик-патриоттук ыр номинациялары боюнча өнөр таймашына Кыргызстандын баардык күч түзүмдөрүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлер катышты. Ооган согушунун ардагерлер кеңешинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, жыйынтыгында баш байгени Улуттук гвардиянын прапорщиги Майрамбек Жумакулов утуп алды. Биринчи орун көлдүк милиционер Жумаалы уулу Кайратка, экинчи орун таластык милиционер Туратбек Байтиковго жана үчүнчү орун чек арачы Бактыбек Сегизбаевге тийди. "Жоокер ыры" сынагы аскер кызматкерлери арасында мекенин сүйүп, чын дилинен кызмат өтөө сезимин тарбиялоо максатында өткөрүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG