Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Иран министри мамкатчыны "жалган маалымат үчүн" сындады


Мухаммад Жавад Зариф (солдо) менен Жон Керри
Мухаммад Жавад Зариф (солдо) менен Жон Керри
Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керрини “натуура маалымат үчүн” сындады. Мамкатчы Керри өткөн аптада Иран менен дүйнө өлкөлөрүнүн сүйлөшүүсү тууралуу айтып, анда эл аралык коомчулук атомдук программа боюнча сунуш кылган келишимден Иран баш тартты деген.

Бирок министр Зариф дүйшөмбүнүн кечинде “Твиттердеги” билдирүүсүндө “Женева сүйлөшүүлөрүндөгү чындыкты эч кандай сөз өзгөртө албайт” деп жазды. Дүйнөнүн алты лидер өлкөсү менен Тегерандын ядролук программа боюнча келерки талкуусу 20-ноябрга белгиленген.

Иран атом бомбасын жасаганга ниети жоктугун, ядролук программа энергия алыш үчүн гана керектигин айтып келатат.

XS
SM
MD
LG