Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:05

Сатыбалдиевдин жүрөгүнө операция жасалган жок


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүнө операция жасалган жок. Ал Москва шаарында ден соолугун медициналык кароодон гана өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтымында, Сатыбалдиев 19-ноябрь күнү Орусиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчилиги менен жолугат. 20-ноябрь күнү Санкт-Петербург шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Кыргызстанга 21-ноябрга караган түнү учуп келет.

Өткөн жума Жантөрө Сатыбалдиев Орусияга кеткен. Аз өтпөй анын жүрөгүнө операция жасалганы тууралуу сөздөр тараган болчу. (SE)
XS
SM
MD
LG