Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:38

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу хакерлердин чабуулуна кабылды


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун сайттары хакерлердин чабуулуна туш болду. Анын айынан 14-ноябрдан бери радионун мультимедиалык жана маалымат кызматтарынын иши маал-маалы менен үзгүлтүккө учуроодо. Бирок бүгүн интернеттин иши калыбына келтирилип, радиоэфир, видео маалыматтар өз убагында кетип жатат.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Кевин Клоуз чабуул тууралуу маалымат чогултулуп жатканын айтып, бул атайлап жасалган иш болушу мүмкүн деди. Президент радионун маалыматтарын угуп-окуган, "кабарларды күнүгө алып туруу үчүн ансыз да көптөгөн кыйынчылыуктарга туш болгон окурман-угармандардын кызыкчылыктарын эске алып, чабуул тууралуу өз аудиториясына маалымдоону туура таптык", - деди.

XS
SM
MD
LG