Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Евробиримдик - Борбор Азия жыйынына Кыргызстан да катышат


Евробиримдик жана Борбор Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин 7-жолугушуусуна Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеген делегация барат. Иш-чара 20-ноябрда Евробиримдиктин Брюсселдеги баш кеңсесинде болот. Ага Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүп жатат.

Жолугушууда аймактык кызматташтык багытында талкуулар болот. Негизинен экономика, коопсуздук, экология, демократия, мыйзамдуулук жана билим берүү багытындагы маселелерге көңүл бурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Евробиримдик жана Борбор Азия мамлекеттеринин 6-жолугушуусу 2012-жылы Бишкекте өткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG