Ирандын Бейруттагы элчилиги жанында кош жардыруудан кеминде 23 киши мерт кетти, бир тобу жараат алды. Каза болгондордун арасында маданий алакалар боюнча атташе Ибрагим Ансари бар деп маалымдалууда. Элчи Газанфар Рох-Абади жабыркаган жок.
Шаардын элчилик жайгашкан бөлүгү ливандык шииттердин "Хесболла" кыймылынын таянычы болуп эсептелет. Уюм Иран менен кошо Сирия президенти Башар Асаддын жакын өнөктөштөрү. Алдын ала кабарларга караганда, жардырууну эки жанкечти ишке ашырган.