Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:00
Манас эл аралык аба майданынын жаңы 2-терминалына 19-ноябрда "Айчүрөк" аттуу Боинг–737-42R учагы учуп келди. Бул самолёт Кыргызстанда катталган "Эйр Манас" авиакомпаниясына кызмат кылат. Бул тууралуу Бишкектин аэропорту маалымдады.

Бул TC–APD номерлүү учак 1998-жылдын 5-февралында алгачкы жолу асманга көтөрүлгөн жана мында мурда алты авиакомпаниянын флотунда болгон. Кыргызстанга келгенге чейин бул самолёт Алжир, Пакистан, Оман жана Түркиянын авиакомпанияларында иштетилген. "Айчүрөк" учагы түркиялык "Пегасус" авиакомпаниясынан "Эйр Манаска" өткөрүлүп берилет.

Учактардын эл аралык реестрине ылайык, Кыргызстанда катталган учактардын орточо курагы 22 жыл. Өлкөдөгү учактардын эң жаңысы 14 жыл мурда, ал эми эң эскиси 26 жыл мурун чыгарылган.

Кыргызстанда бардыгы болуп 79 аба кемеси катталган. Алардын 33үнүн гана учууга уруксаты бар: 16 батыштык жана 17 советтик үлгүдөгү самолёт-вертолёттор. (BAz)
XS
SM
MD
LG