Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери митингге чыгат


Бүгүн күч түзүмдөрүнүн ардагерлери Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгат. Бул тууралуу "Татыктуу жашоо жана катарыбыздын тазалыгы үчүн" деп аталган демилгелүү топтун жетекчиси, полковник Анвар Сартаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, нааразылар өкмөттөн ардагерлер үчүн кошумча акы төлөөнү талап кылышмакчы. Сартаев билдиргендей, ардагерлер кошумча акыны төлөтүүнү 5 жылдан бери талап кылып, бирок бул маселе чечилбей келет. Мындан улам ардагерлер өкмөткө кошумча мөөнөт берет. Эгер ушул убакыт аралыгында маселе чечилбесе, алар өкмөттүн отставкасын талап кылмакчы.(BkA)

XS
SM
MD
LG