Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 21:59

Казакстанда террорчулукка айыпталган жаран соттолду


Шейшембиде Атырау шаардык соту террорчулукка айыпталган жаранды 20 жылга эркинен ажыратты.

26 жаштагы Орунбасар Мунатов террорчул топ түзүп, аны каржылаган жана теракттарды ишке ашырган деп айыпталган эле. Ал Пакистанда кармалып, быйыл июнь айында Казакстанга алып келинген. Башкы прокуратура Мунатовду Ооганстан менен Пакистан чек арасындагы “Жунд ал-Халифат” ( "Халифат аскерлери”) тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири деп айыптаган. Аталган террордук топ Атыраудагы эки жардырууну уюштурганын моюнуна алган болчу.

XS
SM
MD
LG