Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Фейсбук Косовону “тааныды"


Косовонун премьер-министри Хашим Тачи бул тууралуу Фейсбук социалдык түйүнүнүн жетекчилигинен дүйшөмбү күнү расмий кат алганын кабарлады.

Буга чейин косоволуктар аталган сайтка “Сербиянын жараны” катары гана катталып келишкен. Премьер-министр Тачи чечимди жылуу кабыл алганын, бул Косоводо бизнестин өнүгүшүнө жакшы таасир этээрин айтты. Косово 2008-жылы өзүн Сербиядан көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган.

Косоводогу Koha.net деген жаңылык порталы кечээги билдирүүсүндө “Бул кайсыл бир мамлекет тарабынан биздин эгемендигибизди таануу болбогону менен, өзгөчө мааниге ээ, анткени Фейсбукка дүйнөдө 1 миллиарддан ашуун адам мүчө” деп жазды.

XS
SM
MD
LG