Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Тамара Валиева КТРКнын акыйкатчысы болду


Журналист жана медиа-серепчи Тамара Валиева Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) жаңы акыйкатчысы болуп шайланды. Бул тууралуу бүгүн каналдын Байкоочу кеңешинен кабарлашты.

2012-2013-жылдары омбудсмен болуп иштеген Атыр Абдырахматованын иши 21-ноябрь күнү Байкоочу кеңеш тарабынан жактырылып, мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулду. Ошол эле күнү бул кызматка кеңеш мүчөлөрүнүн жабык добуш берүүсү менен Тамара Валиева шайланды.

Омбудсмендин ордуна бир ай мурда талапкерлерди каттоо башталган. Ага 11 киши талапкерлигин көрсөткөн.

Коомдук каналдын акыйкатчысы бул мекемеден айлык албайт. Эл аралык уюмдардын каржылык көмөгү менен иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG