Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Келдибековдун тарапкерлери Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолун тоскону жатышат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын түштүк аймагы боюнча лидери Дария Шабданова билдирди. Анын айтымында, алар Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылынын Тамчы аймагындагы жолду тосушат. Ушул тапта эки боз үй тигилип жатат.

Митингдин катышуучулары кечээ эки айга камалган депутат Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабын коюп жатат.

Ички иштер министрлигинин мааламат катчысы Жоробай Абдраимов “Азаттыкка” жол тосуучулар коомдук тартипти бузбагандыгын айтып, абал көзөмөлдө экенин билдирди. Жоробай Абдраимов азыр ал жерге жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги бара тургандыгын, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков УКМК тергөө абагына эки айга камалды. Мындай чечимди кечээ Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды.

Коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен Акматбек Келдибеков 20-ноябрда камалган. Анын бошотулушун талап кылган 500 чамалуу адам кечээ Оштун борбордук аянтында митинг өткөрүп, тараган эле. Нааразылык акциялары 21-ноябрь күнү Бишкекте жана Алайда өткөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG