Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

Орусияда жашыруун банк системасын түзгөндөр ашкереленди

Орусияда мыйзамсыз банк ишмердигин жүргүзгөн деген шек менен 7 киши кармалды. Ички иштер министрлиги алар Орусия, Өзбекстан жана Грузиянын жарандары экенин маалымдады. Москва жана Перм облусунда кармалган топ Орусияда тиешелүү уруксаты жок жүргөн мигранттарга мыйзамсыз жол менен тапкан акча-каражатты өз өлкөлөрүнө алып чыгууга жардам берүү үчүн банк системасын түзүшкөн деп шектелүүдө. Болжолу менен акчанын бир бөлүгү “Хизб-ут Тахрир” террорчул уюмун каржылоого жумшалчу. Орусия “экстремисттик” деп тааныган уюмга 2003-жылы тыюу салган.
XS
SM
MD
LG