Бишкек-Каракол жолу Саруу айылына кире бериш жерден торолот. Караколдогу митинг үчүн камалгандарды бошотуу талабы менен Жети-Өгүз районунда бүгүн митингге чыккандар ушундай чечим менен тарап кетишти. Кабарчыбыздын айтымында, учурда жолду бууш үчүн Сарууга жүздөй адам бара жатат. Жарымы атчан. Акция катышуучулары негизинен Саруу айылынын тургундары.
Октябрда Каракол шаарында Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумга каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктап, 23 адам кармалган, учурда жетөө УКМКнын тергөө абагында.
Эки айга чукул убакыттан бери Саруу айылынын тургундары аларды бошотуу талабы менен митинг өткөрүп келишет. (MK\SE)