Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Абактагы ачкачылык токтоду


Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отургандардын ачкачылык акциясы токтоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин жетекчиси Марс Жусупбеков билдирди.

Абакта отурган 1400 адамдын 700ү 26-ноябрь күнү ачкачылык жарыялашкан. Алар Ысык-Ата районундагы №50 тергөө абагында камакта отурган “Лимонти” деген каймана ат менен белгилүү Алмаз Сулаймановду өздөрү отурган түрмөгө которуу талабын коюп жатышкан болчу. Кечке жуук 300 адам акцияны токтотуп, тамак ичкен.

Абак жетекчиси Жусупбековдун айтымында, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бүгүн акция катышуучулары толугу менен ачкачылыкты токтотту. (SE)

XS
SM
MD
LG