Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:42

Бишкек – Кишинёв – Франкфурт каттамы ачылат


"Эйр Молдова" авиакомпаниясынын учагы, Домодедово эл аралык аба майданы, Москва, Орусия, 16-ноябрь 2006-ж.
"Эйр Молдова" авиакомпаниясынын учагы, Домодедово эл аралык аба майданы, Москва, Орусия, 16-ноябрь 2006-ж.
Бул тууралуу Манас эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады. Бишкек аэропортунун инвестициялык-экономикалык өнүктүрүү боюнча вице-президенти Даир Токобаевдин Молдовага иш сапары алкагында Кишинёв эл аралык аба майданы, "Эйр Молдова" авиакомпаниясы жана "Авиа Инвест" ишканасы менен транзиттик рейсти ачуу келишимине 23-ноябрда кол коюлду.

Кыргызстандан Германияга түз каттамдар 2006-жылы токтогон. Ал эми Молдовага түз рейстер кыргыз жарандык авиациясынын тарыхында алгачкы жолу ишке ашат.

Транзиттик каттамды ачуу "Манас" эл аралык аба майданын хабга айлантуу долбоорунун алкагында ишке ашат. Учурда "Түрк аба жолдорунун" Стамбул – Бишкек – Улан-Батор транзиттик рейси жумасына үч жолу аткарылып жатат.

Бишкек – Кишинёв – Франкфурт каттамынын жүргүнчү агымы жумасына эки миң адамга жетет деп божомолдоду Токобаев. Азыркы тапта бул рейсти ачууга тиешелүү техникалык даярдыктар көрүлүп жатат. Жаңы транзиттик каттам качан ишке ашаарын аэропорттун басма сөз кызматы ачыктай элек. (BAz)

XS
SM
MD
LG