Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Кыргызстан ВИЧ өсүп бараткан 25 өлкөнүн катарында


ВИЧ илдетине каршы күрөшүүдө өкмөт эл аралык донорлорду гана күтүп отурбай, мамлекеттик деңгээлдеги чараларды жүргүзүшү керек. Мындай пикирди бүгүн депутат Дамира Ниязалиева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди:

- Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ өсүп бараткан 25 мамлекеттин катарында. Жүздөй аял кош бойлуу учурунда баласына ушул дартты жуктурган. Алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл,- деди Ниязалиева.

СПИД борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө ВИЧ менен ооругандардын саны 1-ноябрга карата 5060ка жетти. Алардын ичинен 809 киши каза болгон. Ооругандардын 485и 14 жашка чейинкилер.

Илдет жуктуруп алгандардын 30 пайызын Чүй облусунун, 20 пайызын Ош облусунун тургундары түзөт. Жалпы оорулуулардын 70 пайызга жакынын 20дан 39 жашка чейинкилер түзөт.

1-декабрь 1988-жылдан бери СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келет. (SE)

XS
SM
MD
LG