Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Бүгүн депутаттар тобу саруулуктар менен жолугат


Жогорку Кеңештин жыйырма чакты депутаты бүгүн Ысык-Көлдүн Саруу айылына барып эл менен жолугат. Бул тууралуу аталган айыл тургундары “Азаттыкка” билдирди.

Бул кабарды "атамекенчи" депутат Жоомарт Сапарбаев да тастыктады. Анын "Азаттыкка" маалымдашынча, бүгүн Сарууга Жогорку Кеңештин "Ата Мекен", "Республика" жана КСДП фракцияларынан атайын өкүлдөр барат.

Бул айылда Кумтөр алтын кенине байланыштуу чыккан тополоң дээрлик эки айдан бери басыла элек. Алар ушул күндөрү камактагы жердештерин бошотуу жана өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди кызматтан кетирүү талаптарын коюп жатышат. Каптагаев Саруудагы тополоңдорду бир ууч гана айыл тургундары уюштуруп жатканын, алардын талаптары негизсиз экенин “Азаттыкка” берген интервьюларында белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG