Украинанын оппозициядагы “Свобода” партиясы анын мүчөлөрү Киев мэриясынын кеңсесин ээлешкенин билдирди. Олег Тягнибок борбор шаарда өтүп жаткан нааразылык акциясынын он миңдеген катышуучусуна кайрылуусунда ошондой эле жалпы улуттук иш таштоого чакырды.
Бүгүн Киевде чогулган демонстранттар эрте шайлоо өткөрүүнү жана президент Виктор Януковичтин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Жума күнү Вилнюстагы саммитте Украина жетекчилиги Евробиримдик менен ассоциация тууралуу келишимге кол коюдан баш тарткандан кийин евроинтеграциянын колдоочуларынын акциялары күчөгөн.
Айрым маалымат каражаттары президенттик администрация жайгашкан имараттын жанында "Ыңкылап!" деген ураан чакырган демонстрнаттар менен полициянын чакан кагылышуулары болгонун, күч органдары жаш агызчу газ колдонушканын кабарлашууда.