Жалпы Референдумдун жыйынтыгы боюнча добуш бергендердин 65% Баш мыйзамда “нике –аял менен эркектин союзу” деген аныктама киргизилүүсүнө макулдугун беришти. Жекшембиде болгон Референдум Хорватиянын католик чиркөөсүнүн демилгеси менен өттү, бир жыныстуу никени мыйзамдаштыруу маселеси кызуу талаштарды жаратып, укук коргоочулар жана белгилүү коомдук ишмерлер элди Референдумга каршы үндөштү.