Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле боксчу Виталий Кличко баштаган оппозиционерлер жана демонстранттар менен Киевдеги Майданда жолукту. Вестервеле өткөн жумада украин өкмөтү Евробиримдик менен ассоциация түзүүгө макулдук бербегенине карабай, Европанын дарбазасы украиндер үчүн ачык бойдон кала берээрин белгиледи.
21-ноябрда украин өкмөтү Евробиримдик менен келишимге кол коюуга даярдыкты токтотконун оппозиция "украин элине карата саткынчылык" деп атаган. 30-ноябрда евроинтеграциянын тарапкерлеринин митингин бийлик күч менен тараткан болчу. Дүйшөмбү күнү Киевде демонстранттар өкмөттүк башкы имаратты жана анын айланасындагы көчөлөрдү курчап алып, мамлекеттик кызматкерлерди ишке киргизбей койгон. Майданда ошондон бери евроинтеграциянын жактоочулары нааразылык билдирип турушат.