Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Ошто абал тынч


Ошто азыркы тапта абал тынч. Шаардын борбордук аянтында эч кандай нааразылык акция жок экенин "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты. Мурдагы күнү Келдибековдун тарапкерлери тиккен үч боз үй гана турат. Алардын ичинде канча адам бар экени белгисиз. Бүгүн Ошто нааразылык акциясы уланаары кабарланган. Себеби Келдибековдун тарапкерлери анын бошотулушун талап кылып бийликке берген үч күндүк мөөнөт аяктап калды. Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков өткөн айда коррупцияга шектелип эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG