Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

“Замандаш-Современниктин” лидерлери алмашты


Мындай чечим кечээ кечинде өткөн партиянын саясий кеңешинин отурумунда кабыл алынды. Ага ылайык, буга чейин “Замандаш-Современникти” жетектеп келген Эмил Өмүракунов жана Садык Шер-Нияз негизги жумуштарына байланыштуу өз каалоолору менен теңтөрагалыктан кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын маалымат кызматынан билдиришти.

Партиянын жаңы лидери болуп жакында энергетика жана өнөр жай министринин орун басар кызматынан кеткен Сапар Асанов шайланды. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешиндеги “Замандаш-Совеменник” фракциясынын лидери Таалай Сагынов, шаардык депутат Станислав Епифанцев жана Кумар Стамкулов да партияда теңтөралыкты аркалашат.

Э.Өмүракунов менен С.Шер-Нияз партиянын саясий кеңешинин курамында кала беришмекчи. (МТо)

XS
SM
MD
LG