Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:33

Жалал-Абадда быйыл 22 бала өз жанын кыйды


Жалал-Абад облусунун аймагында жыл башынан бери 22 бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова Жалал-Абад мамлекеттик университетинде адам укугуна арналып өткөн жыйында билдирди.

Аманова суицидди азайтуу үчүн чоң кишилер тарабынан балдарга аяр мамиле жасоо зарылдыгын белгиледи.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Кыргызстан боюнча 546 киши өз өмүрүнө кол салган, анын 97си өспүрүм болгон. Адистердин айтымында, өз жанын кыюунун себептери көпчүлүк учурда аныкталбай калат.(SE\YA)

XS
SM
MD
LG