Мандела менен коштошуу
Йоханнесбургдун борбордук стадионунда Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти Нелсон Мандела менен коштошууга миңдеген адамдар чогулду. Тажыяга дүйнөнүн ондогон өлкө лидерлери дагы катышууда. Нобел сыйлыгынын ээси, апартеид менен күрөштүн кайратманы Нелсон Мандела 5-декабрда 95 жашында дүйнө салган.