Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызкөмүр” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ИИМ, мамлекеттик техникалык инспекция кызматкерлеринин жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнөн турган комиссия кырсык болгон жерге барып өз ишин баштайт. Анда кырсыкка себеп болгон жагдайлар, жоопкер тараптар аныкталмакчы. Комиссиянын жыйынтыгы менен кырсык боюнча кылмыш иши козголгошу мүмкүн.
10-декабрда Жумгалдагы Кара-Кече кенинде уранды көчүп түшүп, эки “ЗИЛ” автоунаасын басып калган. Кырсыктан Жумгал районунун үч тургуну каза болду.(BkA)
10-декабрда Жумгалдагы Кара-Кече кенинде уранды көчүп түшүп, эки “ЗИЛ” автоунаасын басып калган. Кырсыктан Жумгал районунун үч тургуну каза болду.(BkA)