Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Жунушбаев менен Курмановдун соту уланат


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун соту уланат. Соттук жараянда “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриер жабырлануучу катары көрсөтмө берет. Гриер кечээги жараянда да көрсөтмө берген.

Жунушбаев менен Курманов быйыл Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылды деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган. Соттолуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келишет.(BkA/KE)

XS
SM
MD
LG