Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Атамбаев эстон премьери менен жолукту


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келген Эстония Республикасынын премьер-министри Андрус Ансип менен жолукту. Анда кыргыз-эстон мамилелеринин түрдүү маселелери талкууланды. Өлкө башчысы Эстония менен, ошондой эле Европа Биримдиги менен мамилелерин мындан ары да активдештирүү зарылчылыгын белгиледи. Өз кезегинде Андрус Ансип Кыргызстан менен Эстония түрдүү эл аралык уюмдардын алкагында активдүү өз ара аракеттенишип, саясий багытта ийгиликтүү кызматташып жаткандыгын белгиледи.

Эстониянын премьер-министри кечээ Кыргызстанга иш сапар менен келген. Ал кечээ премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG