Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Польша Кыргызстанга насыя берет


Польша өкмөтү Кыргызстанга 40 млн. евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет. Бул боюнча эки тараптуу келишими учурда Жогорку Кеңеште каралып жатат. Парламенттин Бюджет жана каржы комитети 16-декабрда аны жактырган.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, насыя акчалай эмес, айыл чарба техникалары түрүндө берилет. Анын 55 пайызын Польша техникалары, 45 пайызын Польшадагы чет өлкөлүк компаниялардын продукциялары түзөт. Техникалар айыл чарба кооперативдерине берилмекчи.

Насыяны кайтаруу мөөнөтү 0,15 пайыздык үстөк менен 25 жыл. (SE)

XS
SM
MD
LG