Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

“Кыргызалтын” менен “Алмазинтех” кызматташат


“Кыргызалтын” ишканасы менен Орусиянын “Алмазинтех – консультация жана инжиниринг” компаниясынын жетекчилиги кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бүгүн Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында ушундай макулдашуу кабыл алынды. Эки компания эми биргелешкен ишкана түзүп, тоо-кен тармактары боюнча иш жүргүзмөкчү.

Макулдашууга кыргыз тараптан “Кыргызалтындын” жетекчиси Дилгер Жапаров, Орусия тараптан “Алмазинтех – консультация жана инжиниринг” компаниясынын башкы директору Валерий Кондратьев кол койду. (ZB\SE)

XS
SM
MD
LG