Үй-бүлөнүн атылышы боюнча сот башталды
5-сентябрдын түнү Баткендин Кара-Булак айылындагы Эралиевдердин үйүнө бирөөлөр кирип, 4 кишини башка атып, бирөөсүн жарадар кылып кеткен. Кылмышка шектүүлөрдүн бири, ошол эле Кара-Булак айылынын 22 жаштагы тургуну 7-сентябрда кармалган. Ал милицияга көрсөтмө берип, кылмышты Баткен шаарынын 20 жаштагы тургуну менен бирге жасаганын айтып берген. Ошол көрсөтмөнүн негизинде 8-сентябрда экинчи шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалган. Бүгүн Баткен райондук сотунда бул иш боюнча соттук териштирүү башталды. Анда айыпталуучулардын жактоочусу иш менен толук таанышып бүтө электигин жүйөө келтирип, сот жараянын 27-декабрга жылдырууну өтүндү. (Жеңиш Айдаров)
Чыгарылыштар
-
Май 11, 2026Бакиевдер курган фабрика, апрелчилердин арыз-муңу
-
Май 01, 2026Паспорт алуунун акысы көтөрүлдү
-
Апрель 22, 2026Ак-Ордо: Жер талаштан чыккан чуу
-
Апрель 05, 2026"Тарбия бербесек түрмөбүз чоң, милиция көп болот"
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 08, 2026Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү