Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

“Градиентке” байланыштуу кылмыш иши козголду


Ички иштер министрлигинин Мыйзамсыз кирешени адалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгы Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду.

ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, өткөн жылы ноябрь айында Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Өргө жаңы конушундагы жолду оңдоо үчүн тендер жарыялап, “Градиент” фирмасы жеңген. Текшерүүдө аталган фирманын атайын техникасы жок экени, керек жабдууларды ижарага алары аныкталган. Жасалган иштин көлөмү да көбөйтүлүп жазылып, мамлекетке 1 млн. 33 миң сом зыян алып келген. Муну Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз кабыл алган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

“Градиент” фирмасы өкмөт башчынын орун басары Тайырбек Сарпашевдин жакындарына таандык. Буга чейин айрым депутаттар Сарпашев аталган тармактарды тейлеген жетекчи болгондуктан тендерлерди утуп алууда анын жеке кызыкчылыгы роль ойногонун, бул иликтениши керектигин айтып чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG