Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Кыргыз-тажик чегиндеги жол ачыла элек


Чек ара кызматынан маалымдашкандай, учурда Баткенде кырдаал өзгөрүүсүз турат. Кыргызстандын Баткен - Ак-Сай, Тажикстандын Исфара-Ворух жолу ачыла элек. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Көзөмөлдү күчөтүү жана башка күч структуралары менен ишти координациялоо максатында Баткен районуна Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары, полковник Искендер Мамбеталиев жөнөтүлдү.

Кырдаал менен жеринен таанышып, эл менен сүйлөшүү максатында вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган топ бүгүн Баткенге кеткен. Топто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Чек ара, Ички иштер министрлигинин жана өкмөттүн өкүлдөрү бар. Мамытовдун “Азаттыкка” айтымында, бүгүн чогулган эл менен жолугушуп, Тажикстан тарап менен сүйлөшүү улантылат.

“Азаттыктын” кабарчысы Жеңиш Айдаров Ак-Сай айылындагы чек арада 50дөй тургун топтолуп турат. Азырынча бул жерге өкмөттүн Бишкектен жөнөгөн өкүлдөрү бара элек. Жол чек арадагы тирештен улам кечээ жабылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG