Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Египетте Мубарактын эки уулу сотто акталышты


Египетте сот бүгүн мурдагы лидер Хосни Мубарактын эки уулун “жер сатып алуудагы коррупция” боюнча актады. Каирдин четиндеги полиция академиясында өткөн сотто ага-ини Гамал жана Алаа Мубарак жер тилкелерин пара менен арзан баада сатып алган деген айып боюнча күнөөсүз деп табылышты.

Мубарактын тушунда өкмөттү жетектеген Ахмед Шафик болсо ал экөөнө жерди мыйзамсыз саткан деп күнөөлөнгөн эле, ал да акталды. Сот бул ишке байланышы бар деп айыпталган дагы төрт мурдагы генералды да күнөөсүз деп тааныган чечимин чыгарды.

Анткен менен Мубарактын эки уулу жана экс-премьер Шафик коррупция боюнча башка кылмыштар боюнча да айыпталышууда.

XS
SM
MD
LG