Вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү ушул тапта Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушууда. Жолугушуу эки күндөн бери жабык турган кыргыз-тажик чегинде өтүп жатат. Мамытов тажик тарап менен 7-январда жолугушуу болорун, элдин талабы ошондо чечилерин билдирди.
Бүгүн эртең менен кырдаал менен жеринен таанышып, эл менен сүйлөшүү максатында вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган топ Баткенге жөнөп кеткен. Топто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Чек ара, Ички иштер министрлигинин жана өкмөттүн өкүлдөрү бар.
Ак-Сай айылындагы чек арадагы тирештен соң жабылган жол ачыла элек. Бул жерге кечээ жергиликтүү тургундар үч машина шагыл төккөн. Жол тоскондор 17-декабрда чайканага от койгондорду жоопко тартууну талап кылышууда. Алар айылдагы чайкананы коңшу Тажикстандын жарандары өрттөп кетти деп шектенип жатышат. Мындан сырткары алар Ак-Сай – Тамдык - Көк-Таш айланма жолунун курулушун баштоону бийликтен талап кылып жатышат. (КЕ/JsA)