Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:05

Разаков: Баткен облусунун жоюлушуна каршыбыз


"Баткен облусунун жоюлушуна биз каршыбыз", - деп билдирди бүгүн "Азаттыкка" өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков. Ал Баткен борбордон эң алыс жайгашкан, көйгөйлүү аймак катары өзүнчө облус болуп түзүлгөнүн эскертип, эгер ал жоюлса, координация жоголоорун айтты:

- Анткени жалпы көзөмөл жоголот, ал жердеги күч түзүмдөрүн координациялаган орган жоголот. Негизи Баткен алыскы, көйгөйү көп аймак деген негизде облус болуп түзүлгөн болчу. Аны жоюу - жаман ой.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Баткен облусун реформалоо боюнча комиссиянын маалыматын угат. Баткенди облус катары жоюп, Баткен жана Лейлек райондорун республикага түз каратууну, ал эми Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарын Ош облусуна кошуу демилгесин ЖК депутаты Назарали Арипов көтөргөн болчу.

Баткен облусу Ош облусунун курамынан чыгаруу жолу аркылуу 1999-жылы түзүлгөн.(EBM/RK)
XS
SM
MD
LG