Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Ташкентте кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү өттү


Бүгүн Ташкент шаарында кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Башкы дипломатиялык мекемелердин департамент жетекчилеринин деңгээлинде өткөн жолугушууда саясый жана консулдук маселелер боюнча талкуу болду. Кыргыз тараптан бул жолугушууга ТИМдин Коңшу өлкөлөр департаментинин башчысы Эрик Бейшембиев жана Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси Ирина Оролбаева катышканын "Азаттыкка" министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Кыргыз-өзбек мамилелериндеги көйгөйлүү делген темалардын бири - чек ара талашы. (RK)

XS
SM
MD
LG