Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Бейрутта Мухаммед Шаттахтын тажиясы болду


Ливандын мурдагы финансы министри жана АКШдагы элчиси Мухаммед Шаттах эки күн мурда Бейрутта машинеге коюлган бомбадан мүрт кеткен. Террордук чабуулдан бардыгы жети киши, анын ичинде бир тестиер бала өлгөн.

Кандуу булоонду БУУ жана АКШ сындаган.

Шаттах коңшулаш Сириянын президенти Башар Асаддын, ошондой эле ливандык шииттердин Сирия колдогон “Хезболла” куралдуу тобунун элдешкис сынчысы эле. Бомба чабуулун ким уюштурганы беймаалым.

Ливандын “Дейли Стар” гезитинин жазышынча, террордук акт “Хезболла” уюмунун мүчөлөрүнүн соту башталардан бир аз мурда болгон. "Хезболлачылар" Ливандын мурдагы өкмөт башчысы Рафик Харирини өлтүрдү деп айыпталууда. Харири 2005-жылы Бейрутта өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG