Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Ош: көпчүлүк коалиция мэрликке талапкер тандады


Ош шаардык кеңешиндеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция шаар мэрлигине Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган коалициясынын лидери Арфидин Аланов кабарлады. Анын айтымында, Кадырбаевдин талапкерлигин “Замандаш” фракциясы сунуштап, башка фракциялар колдоого алган.

Айтматат Кадырбаев буга чейин жоюлган Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Ал эми Ош шаардык кеңешиндеги азчылыкты түзгөн “Улуттар Биримдиги” партиясы мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду талапкер катары көрсөтөөрүн жарыялаган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG