Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Дагы бир пенсионер иске ууланды


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында 82 жаштагы аксакал өрт кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Карыя бүгүн – 7-январда эртең менен өз үйүндө чыккан өрттөн улам, түтүнгө ууланып жан берген. Маалыматка ылайык, ал өзү жалгыз жашаган. Өрттүн себептери такталууда.

6-январь күнү Жалал-Абад шаарында 24 жаштагы айым иске ууланып, ооруканага түшкөн. Учурда эс-учуна келе албай жатат. 5-январда Чүйдө 66 жаштагы аксакал өз үйүндө чыккан өрткө күйүп жан берген. (SE)

XS
SM
MD
LG