Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Мукашевдин сөөгү Кыргызстанга алып келинди


Орусияда 6-январь күнү киши колдуу болгон кыргызстандык Жээнбек Мукашевдин сөөгү бүгүн Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Москвадагы “Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Руслан Эшимов билдирди.

Сөөктү алып келүүгө “Замандаш” ассоциациясы юридикалык жардам көрсөткөн. Каржылык чыгымдарын маркумдун тааныш-билиштери жана өзү иштеген гүл дүкөндүн ээси көтөрдү.

Жээнбек Мукашев Тоң районунун тургуну, 20 жашта болчу. Иштеп келүү максатында Москвага 2013-жылдын сентябрында барган. Анын сөөгү шаардын чыгыш тарабындагы гүл саткан дүкөндүн жанынан табылган. Аны жүрөк тушка арт жактан шибеге же отвертка менен эки жолу сайып кетишкени айтылууда.

Кыргыз элчилиги Москвадагы тийиштүү кызматка кайрылып, окуяга жооптууларды кармоо иштерин тездетүүнү суранды. Орусиянын укук коргоо органдары бул боюнча кылмыш ишин козгогон. (SE)

XS
SM
MD
LG