Ниагара шаркыратмасын муз каптады
Түндүк Америкадагы көптөн бери болуп көрбөгөндөй катуу сууктан АКШ менен Канаданын чегинде жайгашкан бийиктиги 53 метрге жеткен шаркыратма тоңуп калды. Буга чейин шаркыратма 1848-жылы жана 1912-жылдары тоңгон. Ниагара дарыясын дагы жарым-жартылай муз каптады. АКШда январдын ортосунан бери адаттан тыш суук болуп, айрым райондордо абанын температурасы нормадан 15-20 градуска төмөндөдү. 10 миңдей авиакаттамдар токтоп, көп автожолдордо кыймыл токтоду. Катуу сууктан АКШ экономикасы беш миллиард доллардай чыгым тартты.