Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Нарын шаарына карызга көмүр келди


Бүгүн 200 тоннадан ашык көмүр Нарын шаарына келип түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Көмүр өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповдун сүйлөшүүсү менен Кара-Кечедеги “Бусурманкул” ишканасынан карызга алынган. Учурда Нарын районунда жана шаарда көмүрдүн тоннасы 3500 сомдон сатылууда. Анын баасын көзөмөлдөөнү өкүлчүлүк өз колуна алды.

Кара-Кечедеги акыркы бир катар чуулгандуу окуялардан улам, көмүр казуу иштери солгундаган. Анын кесепетинен кыш чилдеде Нарында көмүр тартыш болуп, бир тоннасы 5000 сомго чейин көтөрүлгөн. (TSh/SA)

XS
SM
MD
LG