Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасын бирге кайтаруу баштала элек


Кыргыз-тажик чек арасын биргелешип кайтаруу азырынча баштала элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, кечээ Баткенде өткөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бирге кайтаруунун маршрутун тактап, уюштурууга үч күн чегерилген. Учурда бул багытта иш жүрүп жатат.

11-январда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушуна тажик тарап каршылыгын билдирип, коңшу өлкө чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок атышкан. Ага жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарып, натыйжада Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 чек арачы жарадар болгон.

Тажикстан кыргыз тарап Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолун куруу менен мурда жетишилген келишимди бузуп жатат деп эсептейт. Ал эми кыргыз тарап бул жол Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу салынып жатат деген пикирде. (RK)

XS
SM
MD
LG