Таластын Кара-Буура районунда бир жашар наристе өрт кырсыгында каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Бейшеке айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде кечээ өрт чыгып, кырсык болгон жерден былтыр төрөлгөн Нурмухамет Жакшыбековдун сөөгү табылган. Куткаруучулардын айтымында, бала түтүнгө ууланып калган. Соңку суткада Кыргызстандын аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. (RK)