Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 16:17

Айыл чарба министри кызматын өткөрүп бермей болду


Кыргызстандын айыл чарба жана мелиорация министри Чынгызбек Узакбаев иштен кетмей болду. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов билдирди. Узакбаев каржылоонун жетишсиздигинен улам бир топ иштерди аткара албай калганын билдирген. Ал "Ар-Намыстын" сунушу боюнча министр болуп 2012-жылдын сентябрь айында дайындалган болчу.

Узакбаевдин иштен кетүүсү тууралуу өкмөттөн азырынча расмий билдирүү боло элек. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG