Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 04:39

Караколдо өрттөн бир адам каза болду


Каракол шаарында өрт кырсыгы бир кишинин өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашкандай, Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, куткаруучулар ал жерден 74 жаштагы Расия Асейинованын сөөгүн алып чыгышты. Өрттөн бөлмөдөгү эмерек, кийим-кечелер толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG