Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Депутаттар чек арадагы абал менен таанышууда


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары 11-январда жаңжал чыккан Баткендеги чек аралаш айылдардагы абал менен таанышууда. Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, депутаттар Ак-Сай, Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугуп, чек арадагы абал менен таанышып жатышат. Депутаттарды өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Раззаков коштоп жүрөт.

11-январда Баткендин Ак-Сай айыл аймагында тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскери жараат алган. Чатак Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын каршылыгынан улам келип чыккан. Чек арада ок атылышына эки өлкө бири-бирин күнөөлөп келет. (BkA\JsA)

XS
SM
MD
LG