Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

УКМК: Вокзалдар террордук чабуулду кайтарууга даяр эмес


Бишкектеги темир жол жана автобус токтоочу вокзалдардын коопсуздук кызматтары террордук чабуул жасала турган болсо ага туруштук берүүгө эч даярдыгы жок. Мындай тыянакка атайын кызмат кечээ өткөргөн операциянын жыйынтыгында келгенин бүгүн УКМКнын маалымат кызматы билдирди. "Шарттуу террорист" деген операциянын алкагында жардыргыч көтөргөн адам вокзалдардын ичине эч тоскоолдуксуз эле кирип кеткен. Коопсуздукка жооптуу кызматкерлердин сактыгы өтө эле төмөн экени аныкталган.

Атайын кызмат террордук чабуулдарга даярдыкты, сактыкты текшерүү максатында мындай шарттуу операцияларды дайыма өткөрүп келет. Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган 13 уюм бар. (RK)

XS
SM
MD
LG